Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үлгү болорлук, сабак болорлук насыят сөз. Улуу адамдардын санат сөздөрү. Жыйындын ортосунда мени баалап, Ыр менен нечен түркүн айтты санат (Барпы). 2. адаб. Уйкашкан бир нече учкул сөздөн турган үлгү, насыят маанисинде айтылган ыр. Айталбаган сөз үчүн оозуңду бекер ачпагын. Мактанганга март болуп, Оокатыңды чачпагын (Токтогул). 3. Шаани, шаан-шөкөт. Кан Көкөтөй ашынан Артык кылам санатын («Манас»). 4. Жаза, бирөөгө көрсөтөр кордук. Кылбаган санатты кылдыңар. Сага көрсөтөр санат башка эле, тарткылыгың жок экен («Чалкан»).